Активист Төрөхан Жунусбеков MegaCom компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов 7-декабрда кол койгону такталууда.
Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков нааразычылык акцияларын чыкканы менен белгилүү. Шайлоодон кийинки башаламандык учурунда ал Бишкек шаарынын мэриясына барып, борбордун муниципалитетинин башчысынын милдетин аткарууга аракет кылган.