• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Төрага 20 ыктыярчыга Ысык-Көлгө жолдомо берди

29 Теке 2020 9:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков коронавирус пандемиясы учурунда жарандарга жигердүү жардам берип жатышкан “Демилгечил жаштар борборунун” ыктыярчылары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга ыктыярчылар Элеман Нурдинов жана София-Айдана Мурзаева катышты.

Төрага ыктыярчыларга коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Мамлекет үчүн оор мезгилде сиздер эрдикти, биримдикти, өз ара жардам берүүнү жана колдоону көрсөттүңөр. Сиздер ар бир мүнөт сайын жарандардын өмүрү үчүн кайраттуулук менен күрөшүп жатасыңар”, -деди Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде ыктыярчылар көңүл бурганы үчүн парламент жетекчисине ыраазычылык билдиришип, төрагага “Демилгечил жаштар борборунун” ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

Ыктыярчылардын айтымында, алардын башкы миссиясы — азыркы кыйын учурда муктаж болгон адамдарга жардам берүү.

Маектешүүнүн жүрүшүндө төрага ыктыярчылар оор милдетти аткарып, жумуш жагынан гана эмес, психологиялык жактан да кыйынчылык тартып жатышкандыктарын белгиледи.

Ыктыярчылардын көбү эс алып, ден соолугун калыбына келтирүүгө муктаж. Ушуга байланыштуу төрага 20 ыктыярчыга Жогорку Кеңешке караштуу “Алтын-Көл” пансионатына жолдомо берди.

Жолугушуунун соңунда Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш дайыма кызматташууга ачык, жаңы демилгелерди кароого даяр экендигин билдирди. Ыктыярчыларга ошондой эле эстелик белектер тапшырылды.

Количество просмотров: 157