• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Төрага Анкарада «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө арналган иш-чарага катышты

15 Теке 201917:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын тобу Анкарада «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түрк парламентинин имаратында өткөн иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн парламент жетекчилери менен депутаттары чакырылган.

Эске салсак, мындан үч жыл мурда Түркия Республикасында төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза тапкан болчу.

Ал эми төрага Д.Жумабеков баштаган делегациянын расмий иш сапары эки тараптуу жолугушуулар менен уланат. Бүгүн кыргыз делегациясы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышкан эскерүүгө чакырылган. Ошондой эле Дастанбек Жумабековдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Парламенттик делегациянын курамындагы депутаттар: Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев жана Талант Мамытов.

Количество просмотров: 12