• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төрага баш болгон депутаттар Ак үйдүн алдына чогулгандарга чыгышты (видео)

16 Аяк оона 2022 14:57 Бишкек Govori.TV

ЖКнын төрагасы Талант Мамытов баш болгон депутаттар Ак үйдүн алдынаи Баткенге жардам берүүнү талап кылып чогулгандарга чыгып жолугушту.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылып митингге чыгышкан. Чогулгандар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атйын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышкан.

Ал эми парламент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу саат 13.00до кезексиз жабык жыйынга чогулган.

Чогулгандардын алдына чыккан төрага тиешелүү чечимдер өлкө башчысы менен чогу кабыл алынаарын билдирди. Мамытов президент Садыр Жапаров саат 5те кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жыйынга чогултарын маалымдады.

Количество просмотров: 692