• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Төрага баштаган депутатттар Кореяга жөнөп кетишти

20 Бирдин айы 2023 12:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын Төрагасы Ким Чжин Пхё баштаган жетекчилер менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана мекендештер менен да баарлашып, Кореядагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен да таанышат.

Алсак, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Султанбай Айжигитов, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Искендер Матраимов, Айбек Алтынбеков, Таалайбек Сарыбашов жана Алишер Эрбаев бар.

Количество просмотров: 76