Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги көчөлөрдүн аталыштарын мамлекеттик тилде жазууну сунуштады.
Бул тууралуу ал 20-мартта парламент жыйынында белгилеп, Министрлер кабинети менен мэрияга тапшырма берилиши керек экенин айтты.
Төрага айрымдар көчө аталыштарын туура эмес айтып жатат деп сынга алды.