• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Төрага Дастан Жумабеков Дубайдын ханзаадасы менен жолукту

20 Бирдин айы 2020 17:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-февралда төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Бириккен Араб Эмираттарындагы иш сапарынын алкагында Дубай эмиратынын Ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушууда ар тараптуу алакаларды арттыруу, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары, анын ичинен Дубай эмираты менен бардык тармактар боюнча байланышты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, соода, туризм жана инвестиция тартуу багыттарында биргелешип иш алып баруу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Дубай эмиратынын Ханзаада мураскери шейх Хамдан бин Мухаммад бин Рашид Аль Мактум да бул жолугушуу өнөктөштүктү өөрчүтүүгө өбөлгө болорун белгилеп, Кыргызстан менен болгон кызматташтыктын келечеги кең экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 109