• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар Латвияга расмий иш сапар менен барды

15 Тогуздун айы 2019 10:52 Бишкек Govori.TV

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан соң Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары Литва Республикасында уланат. Ал жактан Төрага Дастанбек Жумабеков Литва Сейминин Төрагасы Викторас Пранцкетис жана тышкы иштер министри Линас Линкявичюс менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар.     

Количество просмотров: 173