• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Төрага кыргызстандыктарды куттуктады

9 Бугу 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Төраганын куттуктоосу:

«Ардактуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан 9-май – Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Жеңиш майрамы каармандыктын жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү катары жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Анткени, аталарыбыз көп улуттуу Совет мамлекетинин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн күрөшүп, кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүшкөн. Тилекке каршы Улуу Ата Мекендик согуш көп жоготуулар менен коштолуп, миңдеген бабаларыбыз мекенине кайтпай калган. Майдан талаасында миллиондогон аскерлер набыт болуп, оорукта да оор турмуш өкүм сүргөн. Ага карабай эркиндик жана эгемендик үчүн талыкпай күрөш жүргүзүп, көп улуттуу өлкөбүз жеңишке жетишкен.

Жалпысынын согушка 360 миңдей Кыргызстандык жердешибиз катышып, тилекке каршы майданда 130 миңден ашыгы курман болгон. 150 миңдей жоокер орден, медалдар менен сыйланып, 21 адам Даңк орденинин толук ээси, 74 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. Анын ичинен Панфилов дивизиясынын 28 жоокеринин катарында Дүйшөнкул Шопоков атабыз Москва шаарын коргоого катышып, көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Аны менен катар биз Чолпонбай Түлөбердиев, Даир Асанов, Акун Садырбаев, Исмаилбек Таранчиев өңдүү баатырларыбыздын да эрдигин унутпайбыз. Тилекке каршы ошол учурдагы айрым жагдайлардан улам аты аталбай жана эске алынбай калган баатырларыбыз да арбын болгон. Алсак, быйылкы Жеңиш майрамын утурлай Ржев шаарындагы ири салгылашка катышкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арналып эстелик ачылды. Анткени 1941-жылдын 24-октябрында Ржев шаарын немистик аскерлер басып алып, 1943-жылдын март айларында душмандардан бошотулган. Жан чыдагыс, кандуу салгылаш жүрүп, кыргызстандыктар өзгөчө каармандык көрсөтүшкөн.

Тилекке каршы, Жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлеринин катары күн санап азаюуда. Биз ошол кандуу согушка катышкандарга, оорукта жер айдап, эмгек кылгандарга, акыркы ырыскысын да фронтко жөнөтүп, үмүт менен жашаган ошол учурдун каармандарына таазим этебиз. Биз алардын мекенчилдигинин, биримдигинин арты менен Улуу Жеңиш камсыздалганын унутпашыбыз керек.

Кадырлуу замандаштар!

Улуу Ата-Мекендик согуш дүйнө тарыхындагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка чоң сабак болчу окуя. Анткени, 5 жылга чукул айыгышкан алаамат бир улутту башка улуттан жогору койбош керектигин, курал менен башканы багынтуу мүмкүн эместигин дагы бир жолу далилдеп, ар бир элдин башкы байлыгы тынчтык менен ынтымакта экенин таасын көрсөткөн. Ага ылайык, аталарыбыз мураска калтырган тынчтыгыбызды бүлүндүрбөй, ынтымагыбызды ыдыратпай биримдикте жашоо ар бирибиздин милдетибиз. Көп улуттуу Кыргыз мамлекети дайыма тынчтыкты коргоп, ынтымакты бекемдөөгө ынтызаар.

Урматтуу Улуу Ата-Мекендик согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлери!

Сиздер тынчтыктын жарчысы, жаӊы турмуштун баштоочусу катары арабызда аман болуӊуздар! Ар бириңиздерге кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык каалап, ден соолук тилейм! Дагы бир жолу Улуу Жеӊиш майрамы кут болсун! Жергебизде тынчтыктын ыры жаӊырып, мамлекетибизде жеӊиштин деми өчпөсүн!».

Количество просмотров: 68