• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Төрага Кытайдын элчисин кабыл алды

2 Жалган куран 2022 9:42 Бишкек Govori.TV

1-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Алгач төрага Талант Мамытов Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди эки өлкө ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтык бардык багыттар боюнча өнүгүү жолунда бара жаткандыгын белгилеген Талант Мамытов, мамлекет башчыларынын жыл башында болгон жолугушуусу тууралуу сөз кылды. Тагыраагы, КР президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын лидери менен болгон жолугушуусунда алдыдагы кызматташтыктын жаңы багыттары белгиленип, кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланганын кошумчалады.

Ошондой эле төрага Талант Мамытов 50 млн юань өлчөмүндө аскердик жардам көрсөткөндүгү үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Ал эми Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ду Дэвэнь Кытай Кыргызстанга эң жакын кошуна, дос жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Март айынын аягында Кытай Эл Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен Жогорку Кеңештин төрагасынын эки тараптуу жолугушуусун сунуштады. Муну менен катар Кытай тарап Кыргызстандын парламентинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында акчалай колдоо көргөзө тургандыгын маалымдады.

Өз кезегинде төрага Талант Мамытов сунушталган жолугушууну канааттануу менен кабыл алып, эки мамлекеттин парламенттеринин кызматташуусун өнүктүрүү тууралуу сөз кылды. Ага ылайык, бул багытта Кытай элчилиги менен тыгыз байланышта иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Количество просмотров: 67