• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Төрага Россияга расмий иш сапары менен барды

25 Чын куран 2023 9:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Количество просмотров: 55