• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Төрага Шакиев Нарматованын мыйзамын колдой турганын айтты

25 Тогуздун айы 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору ЖКнын жалпы кароосуна чыгарылып, биринчи окууда колдоо тапты.

Жыйында мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти добушка койду.

«Бул мыйзам долбоорунун тегерегинде бир топ чет өлкөлүк делегацияларды кабыл алдык. Европалык, дүйнөлүк бардык ошол адам укуктары боюнча эл аралык бир топ уюмдар, элчилерди кабыл алууларды жүргүздүк. Мен баарына түшүндүрүп айтып жаттым, чочулай турган эч нерсе жок, силер өзүңүздөр баары ачык, так болсун деген талапты коесуздар. Сиздердин өлкөңүздөрдө, ошол Европа жана Америкада да тартип, ачыктык биринчи орунда. Биз да ошону талап кылабыз. Эч кандай тыюу салуу жок, кысуу же басым жок. Алардын иши ачык жана айкын болушу керек. Баарын туура түшүнүштү. Эч кандай коркуунун кереги жок. Бизде Улуттук коопсуздук биринчи орунда биз үчүн. Коопсуздук мына ушундан башталат», — деди Шакиев.

Төраганын мындай билдирүүсүнөн соң депутат Эрулан Көкүлов суроо салып, Шакиевден мыйзам долбоорунун демилгечиси болбостон эл аралык делегациялар менен кандай негизинде жолугушканын сурады. Шакиев авторлордун катарында жок болгону менен мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, ал эми чет өлкөлүк делегациялар менен ЖКнын төрагасы катары жолугушканын билдирди.

Ал эми Көкүловдүн, «анда сиз демилгечилердин арасына кирип алсаңыз деле болот экен да, туурабы?» деген суроосуна, төрага ага маселе эмес экенин айтып жооп берди.

Эске салсак, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, өз сунуштары билдиришкен.

Буга чейин «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан болчу.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 75