Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти болуп 41 жаштагы зимбабвелик Кирсти Ковентри шайланды. Ал тарыхта биринчи жолу уюмду жетектей турган аял экенин Р-Спорт жазды.
Уюмдун башчысын шайлоо бейшемби күнү Грециянын Коста-Наварино курортунда өткөн. Ковентри уюмдун онунчу президенти болуп калды.
Ковентри өзү сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын эки жолку чемпиону.