• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Төрага Шакиев Россияга иш сапары менен кетти

13 Чын куран 2023 10:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Искендер Матраимов, Кундузбек Сулайманов жана Арсланбек Малиев коштоп барды.

Количество просмотров: 47