• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Төрага ЖК фракцияларынын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү

25 Тогуздун айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгилеп: “Андыктан тармактык комитеттердин жана фракциялардын алкагында бардык маселелер кеңири талкууланышы кажет. Бул үчүн депутаттарды комитеттерге бөлүштүрүүдө тармакка тиешелүү тажрыйбасын эске алуу шарт”, – деди.

Ошондой эле фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын ишин да күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман Нуру” фракциялары жана “Элдик”, “Мекенчил” депутаттык топтору иш алып барат.

Теги:
Количество просмотров: 291