• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Төрага: ЖМК менен иштөөнү күчтөндүрүп, “Парламент” радиосун жандантышыбыз керек

18 Тогуздун айы 2022 15:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Аппаратынын бөлүм башчылары жана орун басарлары менен жыйын өткөрдү. Андан тышкары, жолугушууга тармактык комитеттердин бөлүмдөрүнүн жана парламенттик фракциялардын катчылыктарынын да жетекчилери катышты.

Жогорку Кеңеш заманбап шартка жана жаңы чакырыктарга ылайык иш алып барышы керектигин белгилеген Төрага Нурланбек Шакиев: “Парламент коомду алдыга сүрөп, агартуучулук милдетти да аркалашы кажет. Ар бир кабыл алган мыйзамдарыбыз, токтомдорубуз жана чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдетибиз болушу шарт”, – деди.  

Ошондой эле документ жүгүртүүлөрдүн бардыгын электрондоштуруп, бюрократияны жоюунун маанилүүлүгүн белгилеген Жогорку Кеңештин Төрагасы Аппарат кызматкерлерин ыкчам иш алып барууга чакырды.

“Тартип жана жоопкерчилик ийгиликтүү ишибиздин кепилдиги. Андыктан ар бир кызматкер өз функционалдык милдетин билим менен тажрыйбага таянып, адискөйлүк менен аткарышы абзел”, – деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.  

Муну менен катар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн коомчулукка так жана туура жеткирүү учур талабы экенин билдирип: “Ага ылайык, коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүн күчтөндүрүп, “Парламент” радиосунун ишин кайрадан жандантышыбыз керек. Маалыматтар бурмаланбай, өз убагында элге так жана даана жетип турса, парламенттин ишмердигине ачык жана туура баа берилишине өбөлгө болот”, – деди Төрага.

Количество просмотров: 79