• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Төрага Жумабеков «Вефа» чатагына тиешеси тууралуу айтты

8 Баш оона 2020 11:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сотторго таасир этип, Бишкектин чок ортосундагы «Вефа» соода борборун Түркиянын кызыкчылыгына карата чечип бергени жатат деген маалымат боюнча Govori.TVга берген маегинде жооп берди.

Жумабековдун айтымында, бул маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Сот бийлигине эч ким кийлигише албайт. Мыйзамдарга таянуу менен ар бир сот өзү чечим чыгарат. Эгерде мен кандайдыр бир соттук чечимдерге аралашкан болсом, негиздүү далилдешсин, көрсөтүшсүн. Ал эми аталган соода борбордун түптөлүүсү бүдөмүк болуп калган экен. Кийинки жана мурунку ээлеринин ортосунда чыккан чатак сот ишинде каралып жатыптыр ага сот гана чекит коет. Ал эми Түркия биздин өлкө үчүн бир тууган мамлекет. Бүгүнкү күндө аталган өлкөдөн  миллиондогон жардамдар келип, карыздарыбызды кечип берди. Бишкектеги «Вефа» соода борборуна ээлик кылуу боюнча кыргыз ишкери менен мүлк талаш 
жеке маселе. Соода борборго түшкөн 3 айлык кирешени төрагага берет экен деген маалыматтар жөн гана каралоо»,-деди Жумабеков.

Эске салсак, буга чейин «Вефа»соода борбору боюнча кээ бир атка минерлер, соттор Түркиянын кызыкчылыгын коргоп жатат деген маалыматтар айтылган эле.

Количество просмотров: 341