• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төрагалыкка талапкер болгон Шакиев Бакиев тууралуу пикирин айтты

5 Тогуздун айы 2022 15:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлиги каралып жаткан Нурлан Шакиевге депута Бекешев суроо узатып, мурунку президент Курманбек Бакиевге болгон көз карашын кандай экенине кызыкты.

“Бакиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, жакшы сөз айтып жүргөнүңүз боюнча сурайын дегем”, — деди Бекешев.

Кесиптешине жооп берген Шакиев мурунку президенттердин баарына эле коомчулуктун пикири кандай болсо ал да ошондой эле көз карашта экенин айтты.

“Мен жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык экс-президенттерге мамилем, коомдукунан айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, менин көз карашым дагы ошондой”, — деп жооп берди.

Бүгүн, төрага Талант Мамытов кызматын өз каалоосу менен тапшырып жатканын билдирди. Андан соң Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөттү.

Нурлан Шакиев 1977-жылы 13-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

Эмгек жолун «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору болуп баштаган Шакиев 2006-2010-жылдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы андан кийин кеңешчиси болгон.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 17 Аксы шайлоо округунан катышып, депутат болуп келген.

Количество просмотров: 162