• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Төраганын орун басары кызматын тапшырды. Депутаттар эмне дейт?

12 Тогуздун айы 2022 15:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

«Жаңы төрага менен бир фракцияда болгондуктан моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырууну туура көрдүм», — деди ал.

Эске салсак, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып жатканын билдирип, чечимди жеке өзү кабыл алганын жана өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү туура көргөнүн айткан.

Ошол эле күнү анын ордуна ЖК төрагасы болуп Нурланбек Шакиев шайланган. Жабык добуш берүү менен шайланган Шакиевдин талапкерлигин 80 депутат колдосо 6 депутат каршы добуш беришкен.

Бул тууралуу эл өкүлдөрү Надира Нарматова, Алишер Эрбаев, Акбөкөн Таштанбеков өз ойлору менен бөлүшүштү.

Количество просмотров: 95