• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Түркүн түстүү гүлгө оролгон «Ала-Тоо» аянты (сүрөт)

20 Чын куран 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында саатты чагылдырган гүлдөр отургузулуп баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук аянтты жасалгалоо иштерине «Тазалык» муниципалдык кызматынын 27 кызматкери тартылды.

«Шаардын жашоочулары жана коноктору гүлдөр аркылуу саат канча болгонун биле алышат. Бул саат гүлдүн 9 сортунан: агератум, сальвия, тагетис, алиссум, колиус жана башкалардан жасалды. Жалпы бул композиция үчүн 15 миңдей гүл тигилет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жоогазындар отургузулган клумбаларга гүлдүн башка түрлөрү тигилет.

Количество просмотров: 100