• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркияда эмгек мигранттарына байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынды

19 Аяк оона 2018 14:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Түрк бийлиги үй кызматында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Жаңы эрежеге ылайык, иш берүүчү түрк үй-бүлө жергиликтүү социалдык камсыздандыруу мекемесине арыз менен кайрылышы шарт.
Түркиянын Социалдык фондунун чечими менен үй кызматтарында иштеген чет өлкөлүк мигранттардын ар ай сайын 700 лира (110 доллар) социалдык камсыздандыруу төлөмү өкмөт тарабынан төлөнөт.
Мыйзамга ылайык чет өлкөлүк мигранттар эмгек визасын ачтырып бир үй-бүлөдө бир жарым жыл туруктуу иштеши керек. Документтин максаты — өлкөдө төрөлгөн ымыркайлардын жана чоң шаарларда иштеген аялдардын санынын өсүшүн колдоо экени айтылат.
Расмий эсеп боюнча, Түркияда 20 миңге жакын кыргызстандык окуп, иштеп жүрөт. Кыз-келиндер арасында үй кызматчы болуп, балдарды карап, кары-картаңдарды багып эмгектенгендер көп. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көбү бир жылдык туристтик виза менен келет. Алар Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.
Количество просмотров: 28