• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркиядагы кыргызстандык 46 жаран айлык акысын алышты

23 Тогуздун айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.10.2018.Govori.TV.
Түркиядагы кыргызстандык 46 жаран айлык акысын алышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, мейманкананын жетекчилиги мигранттарга айлык акыларын төлөп берди. Мигранттар өз мекенине аман-эсен кайтып келишти.
Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу мекендештерибизге эмгек келишимин түзүүдө иштин шарттары менен тыкыр таанышууну сунуштайт.
Буга чейин кыргызстандыктарды Түркияга иштөөгө жиберген компаниянын башкы директору Шергазы Сооронкулов 46 жарандын ичинен 13ү жаңжал чыгарышканын айткан. Жыйынтыгында 13 кишинин айынан (макулдашуунун шарттарына көнбөгөндүгү үчүн) 33 киши ишсиз калышкан.
Количество просмотров: 38