• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Бишкекке келди

1 Аяк оона 2018 20:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.09.2018.Govori.TV.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аба майданында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, расмий жолугушуу аземи болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүп жатат жана эки өлкө башчылары пресса үчүн билдирүү жасашат.
Расмий визиттин экинчи күнү, 2- сентябрда эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга барып, “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салып, Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышат.

https://www.facebook.com/100001513643930/posts/1943441589049610/

Количество просмотров: 34