• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркия «Байрактарды» чыгаруу үчүн Украинада завод курат

9 Баш оона 2022 9:09 Бишкек Govori.TV

Түркиялык Baykar компаниясы Украинада каттоодон өтүп, Bayraktar учкучсуз учактарын чыгара турган завод куруу үчүн жер тилкесин алды. Бул тууралуу Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Боднар РБК-Украина агенттигине берген маегинде билдирди.

Элчинин сөзүнө караганда, компания заводдун долбоорун өзү иштеп чыкты жана аны аягына чейин ишке ашырууга ниеттенип жатат.

Маалымат боюнча, Киев менен Анкара 2022-жылдын февраль айынын башында эле Украинада Bayraktar пилотсуз учактарын чыгара турган завод куруу боюнча келишимге кол койгон.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июль айынын аягында Орусия Baykar компаниясы менен кызматташууну көздөп жатканын билдирген. 10-июлда түркиялык ишкананын башкы директору Халук Байрактар CNN телеканалына берген маегинде Орусияга Bayraktar сатылбай турганын айткан.

Количество просмотров: 265