• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түркия. Депутаттардын массалык мушташы (видео)

5 Жалган куран 2020 15:48 Бишкек Govori.TV

Түркиянын парламентинде депутаттардын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, мушташ 4-мартта Түркиянын Сирияда жүргүзүп жаткан саясатын талкуулап жаткан учурда болгон. Анда Межилистеги оппозициячыл «Элдик республикачыл» фракциясынын лидери Энгин Өзкоч президент Эрдогандын Сирияда жүргүзгөн саясатын сындаган. Ал эми бийликтеги «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын депутаттары бул сөздөргө ачууланып, массалык мушташ башталып кеткен.

Буга чейин Түркия президенти Сирияда согуштук операцияларды баштоо боюнча айтканда, республикачылардын лидери Кемал Кылычдароглу түрк бийлиги согушту баштагандын ордуна Сирия президенти Асад менен сүйлөшүүгө баруусу зарыл деп сунуштаган. Эрдоган Кылычдароглунун мындай сунушун «чыккынчылык» деп баалаган.

Количество просмотров: 2229