• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркия Оштун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыктар

5 Бирдин айы 2021 10:25 Бишкек Govori.TV

Түркия мамлекети Ош облусунун аймагына жаңы заманбап эл аралык аэропорт курууга кызыктар. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов жаңы аэропорттун курулушу пландалып жаткан жер менен таанышты. Бул үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүндү.

Мындан мурда, Кытайлык жеке компания Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыкдар болуп жаткан, бирок аэропорттун стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен эмес. Азыркы учурда Түрк республикасы Ош облусуна жаңы аэропорт курууга кызыктар, бул багытта иштер жүруп жатат.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 546