Megacom
  • Ишенби 4 Чын куран 2020

Түркия прокуратурасы терактка айыпталган өзбек жаранын 2385 жылга соттоону сурады

29 января 2020 в 9:11 Бишкек Govori.TV

Түрк прокуратурасы 2017-жылдын 1-январында Стамбулдун «Рейна» түнкү клубундагы кол салуу боюнча айыпталып жаткан өзбекстандык Абдулкадыр Машариповду 2385 жылга (40 жолу өмүр бою эркинен ажыратуу) соттоону сурады.

«Anadolu» агенттиги маалымдагандай, Машарипов конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракет кылган жана 39 адамды өлтүрүүгө катышкан деп айыпталууда.

Эгер ал күнөөлүү деп табылса, куралдуу террордук топко мүчө болгондугу үчүн 15 жылга жана 39 адамды өлтүргөндүгү үчүн 2370 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жалпысынан «Рейна» түнкү клубундагы кол салуу иши боюнча Машариповдон тышкары дагы 57 адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алардын 18и камалып, сегизи жоопкерчиликке тартылган.

2017-жылы 1-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы «Рейна» түнкү клубундагы кол салууда 39 киши өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон.

Количество просмотров: 317