• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркия Саймаитинин өлүмү боюнча иликтөөгө жашыруун грифтин койду

12 Бирдин айы 2020 9:05 Бишкек Govori.TV

Түркия ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча иликтөөгө жашыруун грифтин койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлү билдирди.

Анын маалыматында, Айеркен Саймаити жана анын жубайы 2010-2015-жылга чейин 932 миллион доллардан ашык каражатты Кыргызстандан которгон. Жалпысынан бул убакыт аралыгында 3 миң 475 транзакция жасаган.

Анын ичинен Айеркен Саймаити 592 миллион доллардан ашык, ал түзгөн «Абдраз» фирмасы аркылуу 318 миллион доллар жана жубайы аркылуу 26 миллион доллар которулган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Количество просмотров: 202