• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркия Тажикстанга «Байрактарды» жөнөткөн

27 Чын куран 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

ЖК жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жээнбек Кулубаевден Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын жибергени чынбы? деген суроо узатты.

Кулубаев бул боюнча кабардар экенин жана тиешелүү органдарга маалыматты иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

«Биз да бул маалыматты алдык. Элчиге жана башка органдарга маалыматтарды изилдеп чыгууну тапшырдык. Бирок биз буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөй чечиле электигин айтып, коңшу өлкөгө аскерий техника бербөөнү суранганбыз. Бирок, алар бул бизнес экенине токтолуп, аскердик-техникалык кызматташтык өсө берерин айтышкан.

Азырынча бул чындык. Бирок биз «Байрактар» ​​канчадан жана канчага сатып алынганын тактап жатабыз», — деген жооп кайтарды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги карады.

Количество просмотров: 363