• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Түркияда 18 жаштагы кыргыз жараны каза болду

15 Тогуздун айы 202118:16 Бишкек Govori.TV

Түркияда турак үйдүн бешинчи кабатынан кулап каза болгон кыргызстандык жарандын жакындарына тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын бүгүн 15-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 14-октябрда Анталия шаарында, 18 жаштагы кыргыз жараны убактылуу жашап жаткан үйдө болгон. Ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген, операция жасалганына карабастан бүгүн эртең менен көз жумган.

Количество просмотров: 1169