• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркияда асма жолдун кабинасы кулап, кыргызстандык аял жабыркады

13 Чын куран 2024 16:00 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Анталья шаарында асма жолдун кабинасы кулаган. Анын кесепетинен Кыргызстандын жараны жабыркаган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жабыркаган аял тик учак менен ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, медициналык текшерүүнүн натыйжасында далы жана буттун көгөргөн жерлери катталган.

«Аны ооруканада реабилитациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди», — деп кошумчалашты ТИМден.

Количество просмотров: 136