10-августтун кечинде Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдылкадир Уралоглу Анкара МЕТА компаниясы менен бир чечимге келип, Инстаграм платформасына чектөө жоюлганын Х баракчасына жазды.
«Мета платформасы. PKK (ред. Түркияда террордук уюм деп эсептелген Күрд жумушчулар партиясы), YPG (ред. Сириядагы күрттөрдүн Демократиялык союз партиясы) жана ФЕТО сыяктуу террордук уюмдарга таандык эсептер жана үгүттөөлөр алынат. Ошондо коопсуздук жана коомдук тартип корголот», — деп жазды Уралоглу.
2-августта Түркиянын Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгы өлкөдө Инстаграмга кирүү чектелгенин кабарлаган. Байланыш башкармалыгы чектөөнү «Кылмыш-жаза кодексинин айрым беренелерине туура келбейт» деген жүйө менен байланыштырган. Бирок кайсыл берене экени так айтылган эмес.