• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркияда буудай сакталган бункерлерде жарылуу болду

8 Баш оона 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Деринже портунда кемеге дан жүктөө маалында бункерде жарылуу болду. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирди. Учурда 13 жабырлануучунун аты-жөнү белгилүү.

Топурак өнүмдөрү башкармалыгынын башчысы Ахмет Гүлдал жарылууга катуу басымдагы буудай чаңынын жарылышы себеп болгонун айтты. Маалыматтарга караганда, порттогу 60 бункердин 13ү жабыркаган.

Деринже шаарынын мэри Зеки Айгүн жарылуунун радиусу 25 метрди түзгөнүн билдирди:

«Буудайды экскаваторлор менен түшүрүшүүдө. Астында кимдир бирөө барбы же жокпу, азыр текшерип жатышат».

Түркиянын Юстиция министрлиги бункердеги жарылууга байланыштуу териштирүү иштери башталганын кабарлады.

Количество просмотров: 62