• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

13 Бештин айы 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында залкар жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи 12-декабрда болуп ѳттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эстелик Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиорен мэриясы тарабынан жасатылып, тургузулган.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш-чарага активдүү катышкан бардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын айткан.

Иш чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырган.

Количество просмотров: 407