• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Түркияда футболчу оюн талаасында атаандаштарынын денесин лезвие менен тилип салды

5 Жалган куран 201910:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.03.2019. Govori.TV

Түркиядагы «Амедспор» клубунун оюнчусу Мансур Чолар беттеш учурунда «Сакарьяспор» клубунун бир канча оюнчусунун денесин лезвие менен тилип салды.

Түркиялык ЖМКлардын жазган маалыматына караганда, Мансур Чолар оюн талаасына лезвиени катып кирген. Ал беттеш башталган учурдан тартып эле атаандаш клубдун оюнчуларынын денесин байкатпастан тилип баштаган. Мындан улам ортодо чыр чыккан. Бирок Мансур Чолар ал учурдан да пайдаланып «Сакарьяспор» клубунун оюнчуларынын бетин жана моюнун тилип жиберген.

Беттештен кийин «Сакарьяспор» клубунун футболчулары тилинген денесин сүрөткө тартып интернетке жүктөп, андан кийин полицияга кайрылышкан. Бирок «Амедспор» клубу муну курулай доомат катары билдирүүдө.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 19