• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркияда кыргыз келинин кайнатасы өлтүрүп, жиликтеп салганы кабарланды

13 Тогуздун айы 2021 11:38 Бишкек Govori.TV

Түркияда Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышка шектүү катары анын кайын атасы кармалды. Бултууралуу 12-октябрда түркиялык маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Текирдак шаарында болгон.

«65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу 2 балалуу болушкан. Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан», — деп айтылат маалыматта.

Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.

Количество просмотров: 1519