• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түркияда кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча жалпы 4 адам кармалды

9 Теке 2019 16:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Түркияда полиция тарабынан 23 жаштагы кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча жалпы 4 адам кармалды. Бул тууралуу «Haberler.com» басылмасы жазды.

7-июлда Аланья шаарынын аймагында 23 жаштагы М.И.ге тапанчадан ок атылып, ал ошол жерде каза болгон. Кийинчерээк полиция кызматкерлери шектүү катары 40 жаштагы А.Ы.ны кармашкан. Ал эми кечээ, 8-июлда тергөө иштеринин жүрүшүндө дагы 3 адам — С.К., А.Г. жана П.С. кармалган. А.Ы.га адам өлтүрүү, С.К.га каракчылык беренеси боюнча айып тагылды. Ал эми А.Г. менен П.С. соттук көзөмөлдүн негизинде бошотулду.

Маалыматтарга ылайык, каза болгон 23 жаштагы жигит Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болгон.

Количество просмотров: 4