• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркияда кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү

6 Бирдин айы 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Түркияда кыргызстандыктарга консультативдик-укуктук жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.

КР ТИМинин алдын ала маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталия жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктары менен биргеликте курмандыктар жана жабыркагандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тактоо боюнча Түркиянын компетенттүү органдары менен иш алып барууда.

«Абалды көзөмөлдөө жана КР жарандарына консультативдк-укуктук жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб түзүлдү. Мындан тышкары, ыкчам байланыш телефондору иштейт, алар боюнча Кыргызстандын Түркияда жашаган жарандары жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары): тел. +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулдугу: +90 546 557 0471, +90 534 838 8551;

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу: +90 535 107 7212, +90 212 235 6767, +90 212 235 3737.

Количество просмотров: 77