• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркияда манас айтуучулук боюнча иш-чара өткөрүү сунушталды

30 Чын куран 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жанга жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ТҮРКСОЙдун биргеликте өткөрө турган орток пландары талкууланып, аны ишке ашыруу боюнча алгачкы маселелер талкууланды.

Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо иш аракетин алып барган уюм, министрлик менен жакынкы убактарда биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Мындан сырткары, Түркияда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан тараптын катышуусу тууралуу кеп болуп, анын маданий жана спорттук бөлүгү талкууланды.

Ошондой эле, жаңыдан түптөлгөн “Манас” театрынын ишмердүүлүгү жана аны түрк дүйнөсүнө таанытуу боюнча сүйлөшүү болуп, Түркияда манас айтуучулук боюнча иш-чара өткөрүү сунушталды.

Количество просмотров: 98