• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Түркияда ок тийген кыргызстандык кыздын абалы оор

17 Жалган куран 201915:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.03.2019.Govori.TV.

«Habertürk» гезитинин маалыматына ылайык, 17-мартта Түркиянын Измир шаарында түрк жаранынын машинасын белгисиз бирөөлөр аткылап, машинеде отурган кыргызстандык кызга ок тийген.

Эге университетинин ооруканасындагы хирургия бөлүмү кызга операция жасалганын, азыр реанимацияда оор абалда жатканын тастыкталды.

Измир шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлер изделүүдө.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. 

Количество просмотров: 24