Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясынын саммитинде Орусия менен Украинанын расмий өкүлдөрү мушташа кетти. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.
Уруш Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты Ольга Тимофеева журналисттерге маалымат берип жатканда чыккан. Анда Украина Жогорку Радасынын депутаты Александр Мариковский өз өлкөсүнүн желегин булгалап, Украинаны колдоосун өтүнгөн ураан чакырган.
Ал эми Орусия парламентинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери желекти жулуп алып, басып кеткен. Артынан барган Украинанын депутаты Орусиянын өкүлүн муштап жиберген.