• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркияда терактка даярдык көрүүгө шектелген кыргызстандык келин депортацияланды

2 Чын куран 2024 15:52 Бишкек Govori.TV

«Ислам мамлекети» террордук уюмунун атынан теракт даярдаган деген шек менен Стамбулда Кыргызстандын жана Тажикстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу IHA агенттиги билдирди.

Маалыматта Стамбулдун Пендик районундагы жертөлөдө жашынып жашаган 37 жаштагы Фазилжон А. менен 41 жаштагы Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат. Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Сурак маалында кармалгандар терактка даярданышканын моюндарына алышканы айтылып, башка маалыма берилген жок.

Прокуратуранын чечими менен тажикстандык киши камакка алынып, кыргызстандык келин депортацияланды.

Количество просмотров: 47