• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркияда терактка даярдык көрүүгө шектелген кыргызстандык келин. ТИМ үн катты

2 Чын куран 2024 16:51 Бишкек Govori.TV

Стамбул шаарында терактка даярданган деп шектелген Тажикстандын жараны менен Кыргызстандын атуулунун кармалышы боюнча ЖМКларында тараган маалыматтарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте кармалган жарандар тууралуу билдирүү таратты.

ТИМдин маалыматына ылайык, учурда кармалган жарандын жарандык таандыктыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары «Ислам мамлекети» террордук уюмунун атынан теракт даярдаган деген шек менен Стамбулда Кыргызстандын жана Тажикстандын эки жараны кармалганын маалымдаган.

Маалыматта Стамбулдун Пендик районундагы жертөлөдө жашынып жашаган 37 жаштагы Фазилжон А. менен 41 жаштагы Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат. Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Сурак маалында кармалгандар терактка даярданышканын моюндарына алышканы айтылып, башка маалыма берилген жок.

Прокуратуранын чечими менен тажикстандык киши камакка алынып, кыргызстандык келин депортацияланды.

Количество просмотров: 273