• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түркияда жаандын кесепетинен кеминде 14 адам каза болду

16 Жалган куран 2023 11:11 Бишкек Govori.TV

Түркиянын түштүк-чыгышында орун алган нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кеминде 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматтарга ылайык, Шанлыурфу шаарында жамгыр катуу жааган. Сел суулары провинциянын административдик борборунун бир катар көчөлөрүн жана проспектилерин каптаган.

“Вейсел Карани кварталындагы имараттардын биринин жер төлөсүнөн 5 адамдын сөөгү табылган, болжол менен алар сириялыктар болгон. Нөшөрлөгөн жаандан улам чыга албай, камалып калган шаар тургундарын аныктоо иштери уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

20-мартка чейин Түркиянын дээрлик бүт түштүк-чыгышында катуу жааган жамгырдан улам кызгылт сары коркунучтун коду жарыяланды.

Количество просмотров: 97