• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 617 адамга жетти

12 Бирдин айы 2023 16:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 617 адамга жетип, жабыркагандар 80 миңден аштын, деп билдирет Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев.

Дипломаттын айтымында, Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы урандылардын астынан 16 жаштагы баланы тирүү алып чыгууга жетишишти. Ошондой эле мурунку күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:21де 22 жаштагы кош бойлуу кыз, саат 23:30да 7 жаштагы бала тирүү куткарылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Количество просмотров: 90