• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Түркияда жол кырсыгына кабылган казакстандык каза болду

4 Баш оона 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Түркияда жол кырсыгына кабылган Казакстандын дагы бир жараны каза болду. Натыйжада Анталия провинциясындагы авариядан өлгөн казак туристтеринин саны эки адамга жетти.

«Учурда маркумдун жакындары ооруканада. Алар керектүү жардам көрөтүлүүдө. Документ толтурулгандан кийин сөөк Казакстанга жөнөтүлөт», — деп айтылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Мурдараак өлгөн казакстандыктын сөөгү мекенине жеткирилген.

30-июль күнү эртең менен Түркиянын Анталия провинциясынын Алания аймагында казакстандык туристтер бараткан кичи автобус катуу ылдамдыкта жүк ташуучу унааны сүзгөн. Жыйынтыгында кичи автобустун айдоочусу менен украиналык гид каза болгон. Түркиялык Hurriyet басылмасы кырсыктан 12 жүргүнчү жараат алганын кабарлаган.

Эртеси Казакстандын Тышкы иштер министрлиги алардын бири оор жаракаттан улам ооруканада каза болгонун кабарлаган.

Министрлик калган туристтердин абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

Количество просмотров: 117