• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркияда ЖОЖдор менен мектептер убактылуу жабылды

13 Жалган куран 2020 11:13 Бишкек Govori.TV

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгынын астында коронавируска каршы күрөш жана илдеттин алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча өткөн жыйында 16-марттан тарта өлкөдөгү мектептерде бир жумалык эс алууну жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президентин басма сөз катчысы тууралуу Ибрахим Калин билдиргенин басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Түркиянын мектептериндеги окуучулар 16-марттан тарта 1 жумага каникулга чыгып, 23-марттан баштап электрондук окутуу системасына өтөт.

«Башталгыч класстар жана орто мектептер 16-марттан тарта 1 жумалык каникулга чыгып, 23-марттан тарта аралыктан окутуу башталат. Жогорку окуу жайлар болсо 3 жумага каникулга чыгат. Ошондой эле спорттук иш-чараларды апрель айынын аягына чейин көрүүчүлөрү жок өткөрүү чечими кабыл алынды», — деп билдирди Ибрагим Калын.

Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда коронавирус 1 адамдан чыкты.

Количество просмотров: 59