• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркиядагы тик учак кырсыгынан кеминде 11 аскер кызматкери каза болду

5 Жалган куран 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

Түркиянын чыгышындагы Битлис провинциясында тик учак кулап, 11 аскер кызматкери көз жумуп, үчөө жаракат алды.

Түркиянын чыгышындагы Битлис провинциясында тик учак кулап, 11 аскер кызматкери көз жумду. Дагы үч жоокер жаракат алды.

Каза болгондордун арасында кургактыктагы сегиз аскер бөлүгүн башкарган генерал Осман Эрбаш да бар.

Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыкка аба ырайы же тик учактын техникалык жактан бузук экени себеп болгон болушу мүмкүн.

Аскер кызматкерлеринин каза болгонуна байланыштуу Түркияга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг көңүл айтты.

Количество просмотров: 547