• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркиядан 330 жаран Кыргызстанга алынып келинди

15 Бугу 202013:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 330 мекендешибиз өлкөгө учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда 15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Каттам менен 330 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 92