• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетишти

13 Бирдин айы 2023 17:55 Бишкек Govori.TV

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетишти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлгөн.

“Бүгүн, 13-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам: үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 151